Ошто чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылгандар кармалды

  • 1 год мурун

Ошто кыргыз-өзбек чек арасынан 75 000 АКШ долларын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстандын А.М.И. жана А.у.А. аттуу жарандары “Достук-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 75 000 АКШ долларын тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

УКМК Министрлер кабинетинин “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык кармалган каражаттын 6 500 доллары (б.а. белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) республикалык бюджетке кайтарылганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты