Ошто бир үй-бүлөдөн сел агызып кеткен төрт киши изделүүдө

Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча бир үй-бүлө 1980-жылы туулган Д.Н. аттуу аял, кыздары М.19 жашта, 10 жаштагы М.  жана  12 жаштагы С.

Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

Ош шаарында бүгүн, 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. 420 адам эвакуацияланды.

Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел №21 жол тейлөө мекемесине таандык Ош – Гүлчө – Эркечтам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки авто унаа жолдоруна кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты