Ошто билим берүү мекемесинен чыккан өрт өчүрүлдү

  • 1 год мурун

Ошто билим берүү мекемесинен чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Бүгүн Ош шаарындагы С.Супаналиев көчөсүндө жайгашкан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:32де Ош шаардык №12 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 05:53тө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоо саат 06:00дө чектөөгө алынып, саат 07:15те толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен имараттын 1 бөлмөсүнүн 13 чарчы метр аянты жана жыгач устундуу тунике жабылган чатырынын 180 чарчы метр күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты