Ошто бензин куюлган вагон жарылып, бир адам каза болду, дагы бирөө жабыркады

  • 2 года мурун

Кечээ, 21-декабрда Ошто бензин куюлган үч вагон темир жол станциясында жарылып, бир адам каза болду, дагы бирөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Оштогу «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун» нефтебазасына жакын темир жол станциясында бензин куюлган үч вагон темир жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Вагондордун бири 1963-жылы туулган Э.У. аттуу адамды басып калып каза болгон. Кырсыктан 22 жаштагы. С.А аттуу жаран дагы жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилген.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин, Ички иштер министрлигинин жана Тез жардам кызматынан кызматкерлери тартылып, кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен вагондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты