Ошто бейтааныш кызды уят сөз менен шылдыңдаган блогер беш суткага камалды

  • 4 месяца мурун

Ошто бейтааныш кызды уят сөз менен шылдыңдаган блогер Нурболот Турганбаев беш суткага камалды. Бул тууралуу Ош облусунун сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча айып тагылды.

Эске салсак, 27-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан Ош шаарына 2001-жылы туулган Нурболот Турганбаев алынып келинди. Анын үстүнөн эки арыз түшкөн: 25-мартта активист жана блогер Азамат Ормокеев Тургунбаевдин үстүнөн арыз менен кайрылып, анын Ош шаарынын Достук көпүрөсундө бейтааныш жарандын башка кызга карата одоно уят сөз айткандыгы боюнча иликтөөгө алып, ал жигитке мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта Өзгөн районуну тургуну 2002-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылып, аны 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз жаран видеого тартып, уят сөз айткандыгын, аны кийин интернеттен, видеодон көргөндугун билдирип, бул жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты