Ошто Баткенден эвакуацияланган тургундарын жайгаштыруу иштери уланууда

  • 2 года мурун

Ош шаарында Баткен облусунан эвакуацияланган жаңы келген тургундарды жайгаштыруу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Венера Рыскулова баштаган мэриянын тиешелүү кызматкерлери, психологдор, медицина жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тосуп алышууда.

Шаардын борбордук аянтында медицина кызматкерлеринин бригадасы нөөмөттө турат. Жаңы келген жарандарды убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жеткирүү үчүн кичи автобустар да даяр.

Убактылуу борборлорго жайгаштырылгандан кийин бардык эвакуацияланган жарандарга ысык тамак берилип, психологиялык жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Алардын бардык муктаждыктары эске алынып, керектүү гигиеналык каражаттар, самын жана жуучу каражаттар менен камсыздалат.

Бул иштерге шаардын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги колдоо көрсөтүүдө.

Азыркы саатка карата түштүк борбордо эвакуацияланган жарандардын саны 900дү түзүп, жатаканаларга жайгаштырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты