Ошто балдарын тилемчилик кылууга мажбурлаган аялдын үстүнөн иш козголду

  • 3 года мурун

Ош шаарында энеси тилемчилик кылууга мажбурлаган балдар мамлекеттин карамагына алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме билдиргендей, Ош ШИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясына 8 жана 11 жаштагы эки бала кайыр сурап жүрөт деген маалымат түшкөн. Инспекциянын кызматкерлери аталган фактыны текшерүүгө алып, анын аныктыгын тастыкташкан.

«Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү бөлүмгө алып келип, маектешкен учурда балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлап жатканын, күндө 1 500 сом план коюп бергенин, аны таппаса кечинде урушаарын айтышкан», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары балдар алардын апасы курбусуна 80 миң сом карыз экендигин, апасы менен аяш энеси иштебей турганын, балдар тапкан акчага жашашарын айтышкан.

Аталган факты боюнча балдардын апасы жана аяш энесинин үстүнөн Жазык кодексинин 181-беренеси («Жашы жете электи коомго каршы аракеттерге тартуу») менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми балдар социалдык жактан коргоо кызматы тарабынан мамлекеттин карамагына алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты