Ошто балдар үйүнүн кызматкери 5 жашар кызга катаал мамиле кылганы боюнча материал прокуратурага берилди

  • 1 год мурун

Ошто балдар үйүнүн кызматкери 5 жашар кызга катаал мамиле кылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекемеге “Лотос” балдар үй-бүлө үйүнүн кызматкери тарбиялануучуга катаал мамиле көрсөткөндүгү тууралуу видеоматериалдар келип түшкөн. Алынган маалыматты ар тараптуу жана объективдүү текшерүү үчүн комиссия түзүлдү. 10-февралда аталган балдар үйүнө профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Аңгемелешүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү балдар үйүнүн кызматкери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалган деген бүтүмгө келишти. Бул окуя боюнча тиешелүү мыйзамдуу чараларды көрүү үчүн чогултулган материалдар Ош шаарынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Учурда кызды башка мекемеге которуу маселеси көтөрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты