Ошто балдар дүкөнүнөн уурулукка шектелген жубайлар кармалды
- 4 месяца мурун
29-январда Ош шаарындагы балдар кийимдери жана оюнчуктарын саткан дүкөндөн уурулук фактысы катталган. Дүкөнгө таандык Instagram баракчага жарыяланган видеодо жаш баланы көтөргөн эркек менен аялдын товарларды уурдап жаткан учурлары тартылган.
Бул факт боюнча Ош ШИИБ ыкчам иштерди жүргүзүп, шектүү катары Манас шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Т. Ч. аттуу аялды кармалган. Тергөө учурунда ал уурулукту күйөөсү, 1982-жылы туулган Ж.А. менен бирге жасаганын билдирген.
Жубайлар Манас шаарында жашашат, учурда бешинчи баласы 4 айлык. Маалыматка ылайык, алар буга чейин да алдамчылык жана уурулук кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылышкан.
Муну бөлүшүү




