Ошто азык-түлүк жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү
- 2 года мурун
Ошто азык-түлүк жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Экономика жана коммеция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков нефтетрейдерлер, товар өндүрүүчүлөр жана сатуучулардын катышуусунда Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу материалдардын жана социалдык жактан маанилүү товарлардые (шекер, май, ун ж.б.) бааларын көзөмөлдөө боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйында акыркы учурда актуалдуу болгон дизель отуну жана кум шекер базарындагы кырдаал боюнча маалыматтар берилип, өндүрүүчүлөр жана сатуучулар менен кеңири талкууланды. Мындан сырткары күз-кыш мезгилинин жакындап калгандыгына байланыштуу, көмүр өндүрүүчүлөр менен көмүрдүн баасы жана көлөмү тууралуу айтылды. Жыйындын катышуучулары баа саясаты боюнча суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышты.