Ошто аткезчилик жол менен келген 72 млн сомдук дары-дармек аныкталды

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик бажы кызматы Ошто аткезчилик жол менен келген 72 млн сомдук дары-дармек аныкталганын билдирди.

Маалым болгондой, 12-майда Бажы жана УКМК кызматкерлери Достук алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында К.Н.Х. аттуу өзбек жаранынын башкаруусундагы LABO LB2 үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 469 кг түзгөн дары-дармекке транспорттук коштомо кагаз табылган. Бирок жүк сактагычтан эч кандай жүк табылган эмес. Аталган дары-дармектер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чыга турган аймагынан табылган. 1340 таңгактан турган дары-дармектин салмагы 427 кг түзгөн.

Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн баалоосуна ылайык, кармалган товардын жалпы баасы 72 млн 25 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты