Ошто атасын өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ошто атасын өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Амир-Темир милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү 1982-жылы туулган, Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын тургуну Х.А. кармалды.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, шектүү 14-август күнү эрте менен саат 10.00 чамасында аталган кичи райондогу үйүндө (атасы менен бир короодо жашаган) өз атасы 1955-жылы туулган А.Хамидов менен пикир келишпестен, чырдаша кетип, ашкана столунун үстүндө турган аш бычак менен атасына бир нече жолу: көкүрөк жана колдоруна сайып жиберген.

Алган жараттарынан улам атасы 68 жаштагы А.Хамидов өз үйүндө каза болгон.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү уулун кылмыштын изи сууй электе, өзүнө таандык документтерин алып, таксиге отуруп окуя жерден кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармады.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан «адам өлтүрүү»(122-берене) беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү соттук-медициналык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.

Маркум А.Хамидов Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда жашаган. 4 баланын атасы. Жергиликтүү мектепте кароолчу болуп эмгектенген. Анын уулу, кылмышка шектүү 1982-жылы туулган Х.А. 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда ата-баланын ортосундагы чыр маркум атасынын баласынан жумуш таап иштөөнү, жаман адаттардан, жаман достордон арылууну талап кылып айткан сөздөрүнөн улам чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты