Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 9 месяцев мурун

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун жашоочусу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, алдамчылыкка байланышкан укукка каршы аракеттер боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнү суранган. 2019-жылы Ош базарындагы унаа базарында унаанын ээсине бир жаран келип, анын унаасын алууга кызыктар экендигин көрсөткөн. Унаа базарында товарды мактап, сатуучунун ишенимине кирген. Убада берүү менен ал баасы 200 миң сомдук «Ауди-А6» үлгүсүндөгү унааны алдоо жолу менен ээлеп алган. Жогоруда көрсөтүлгөн сумманын бир аз гана акчасын берип, жакынкы күндөрү калган суммасын алып келип берүүнү убадалаган. Бирок сатып алуучу ошол бойдон жоголуп кеткен.

Бул факты боюнча октябрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алдамчылыкка шектүү катары Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалган. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда соттолгон жана криминалдык чөйрө менен байланышы бар. Ошондой эле, криминалдык чөйрөнүн түшүнүгүн карманат жана “смотрящий” криминалдык статусуна ээ. Аны Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынан жүргүзүлгөн.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты