Ошто алдамчылык менен алектенген шектүү аял кармалды

  • 11 месяцев мурун

Ошто алдамчылык менен алектенген шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунда жашырынып жургөн жеринен Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж. М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал 2023-жылдын март айында Ош шаарынын тургуну 1968-жылы туулган тааныш аялдын ишенимине кирип, банктык маселелерге байланыштуу банктагы 3 миллион акчасын ала албай жаткандыгын, аз күндө эсеби ачылса бере коёрун айтып, жабырлануучудан 800 миӊ сом өлчөмүндөгү акчасын алып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. «Телефон номерлерин алмаштырып, кайрадан байланышка чыкпай койгон. Жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Шектүүнүн Ноокат районунун аймагында жашырынып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынып, маалымат тастыкталды. Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 9-сентябрь күнү аталган райондун аймагынан кармалып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын 4 тургуну ар кандай ири суммадагы акча бергендиги тууралуу милицияга кайрылышкан. Ошондой эле бул шектүүдөн Ош облусунун, Баткен облусунун көптөгөн жарандары жабыркагандары тууралуу ыкчам маалыматтар бар», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты