Ошто Ак-Буура-Араван каналына түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда

  • 2 месяца мурун

Ошто Ак-Буура-Араван каналына түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 10-июнь күнү Ош шаарынын К.Исаков көчөсүнөн өткөн Ак-Буура-Араван каналына 42 жаштагы эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынан 16, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 14, жалпы 30 куткаруучу тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты