Ошто айт намазына 10 миңге жакын адам катышты

  • 1 год мурун

Ош шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт – биримдик, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалаган мусулман элинин ыйык майрамы экенин белгиледи.

Майрамдык айт намазга жалпысынан 10 миңге жакын адам катышты.

Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыркы жылы Курман айт 9-июлда майрамдалган.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты