Ошто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 23-июнда Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Кенжекул айылынан белгисиз жаран каза болгон абалда Кара-Суу райондук ооруканасына келгендиги боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 23-июнь күнү саат 15:30 чамасында Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын кире беришинде жана ушул эле районго караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну 26 жаштагы С.Ж., менен Савай айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну У.А., атуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болуп, С.Ж., өзү менен кошо алып келген бычагы менен У.А. аттуу жарандын денесине бир нече жолу сайып жиберген. Натыйжада У.А., алган жаратынан ооруканага жетпей каза болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумга карата денесине кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган факт 24-июнь күнү Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну С.Ж., аттуу жаран кармалып, Кара-Суу РИИБдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты