Ошто адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер улантылууда

  • 2 года мурун

Ош шаарындагы адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январдан 14-январга караган түнү Ош шаарында болгон адам өлтүрү фактысы боюнча кылмыштын бетин ачуу жана кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча 14-январь күнү саат 08:00дөн баштап Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван жана Кара-Кулжа райондоруна “Сирена” жана “Чагылган” атайын ыкчам иш-мерчеми киргизилди. Ошол ич-чаралардын алкагында Ош облусунун аймагында 11 блок пост коюлган. 2023-жылдын 14 жана 15-январь күндөрү блок постторго жалпысынан 135 кызматкер тартылган. Ошондой эле уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоодосунда турган14 жаран ички иштер бөлүмүнө алынып келинип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда издөө жарыяланган кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты