Ош мэри А. Навои сейил багын жаңылоо долбоору менен таанышты
- 2 недели мурун
Ош шаарындагы А. Навои атындагы сейил багын жаңылоо иштери башталат. Бул тууралуу шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык белгилүү болду.
Шаар башчысы сейил бакты реконструкциялоо боюнча даярдалган эскиз долбоор менен таанышып, курулушка даярдык иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Ошондой эле аймакты иретке келтирүү, эски курулуштарды алып салуу жана инфраструктураны жаңылоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, эски борбордук базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөндөн кийин, анын ордуна Ак-Буура дарыясынын жээгинде заманбап сейил бак куруу чечими кабыл алынган. Жаңы долбоор шаардыктардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.
Муну бөлүшүү




