Ошто 51 жаштагы жаранга бычак такап коркутканга шектелген үч жаран кармалды

  • 9 месяцев мурун

Ошто 51 жаштагы жаранга бычак такап коркутканга шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрга караган түнү саат 03:10 чамасында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунда убактылуу жашап жаткан 51 жаштагы жарандын үйүнө бейтааныш 3 адам кирип келип, бычакты мойнуна такап коркуткандыгы тууралуу факты катталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, ыкчам-издөө иш-чараларын баштаган. Алар, алдын ала каракчылык жасоо максатын көздөшүп, жабырлануучу А.Ч. үйүндө уктап жаткан учурда үйүнүн ичине киришип, бычакты моюнуна такап коркутушуп, ал ыңгайлуу учурдан пайдаланып качып чыгып кеткенде үйүнүн ичиндеги 47 миң 200 сом накталай акчасын жана базар баасы 16 миң сом болгон Редми НОТ 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун карактап алып чыгып кетишкендиги аныкталды. Натыйжада, жабырлануучу А.Ч. 63200 сомдук материалдык чыгым келтирилген.Бул факты боюнча материал топтолуп, Кылмыш жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде изи сууй электе кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 21 жаштагы Т.И, 21 жаштагы Б.уулу Н. 21 жаштагы С.А. жана 29 жаштагы С.Р. кармалышып, камакка алынышты.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты