Ошто 50 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ош облусунда Өзгөн районунун 50 жаштагы Г.Н. аттуу тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз жаран жанында баӊгизат алып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагындагы жол боюнда 50 жаштагы Г.Н. аттуу жаран кармалган. Шектүүдөн баштыктын ичинде таңгакталган өзгөчө жыты бар зат, ошондой эле тамекинин сыртына оролгон зат алынган. Аларга соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 0,78 граммды түзгөн “гашиш” жана 1 кг 790,42 граммды түзгөн “апийим” баӊгизаттары экендиги аныкталган.

Ошондой эле тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, салмагы 22,5 гр болгон өзгөчө жыты бар баңгизатына окшогон зат алынган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты