Ошто 380 миң сом акча талап кылганга шектелген жаран кармалды

  • 3 месяца мурун

Ошто 380 миң сом акча талап кылганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал «Н» аттуу аял өзүн «эркин журналист, блогер жана активистмин» деп тааныштырып, “Тик Ток” баракчасынан ар кандай аброюма шек келтирген видео тасмаларды жарыялап, ал тасмаларды өчүрүү үчүн 380 миң сом акча доолап жатат» билдирген.

Аталган факты 12-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, ыкчам кармоо иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, 2024-жылдын февраль жана март айларынан тартып ушул күнгө чейин “Тик Ток” социалдык тармагында “Назгүл” атуу ат менен катталган аял, өзүнүн кайын сиңдиси менен Ош шаарынын 1964-жылы туулган Б. К. аттуу тургунунун кадыр баркына жана аброюна шек келтирген видео кайрылууларды жана жабырлануучуга таандык окуу борборун элдин арасында жамандаган видео тасмаларды жарыялап, эл арасында жайылтып, ал видео кайрылууларды өчүрүү үчүн 380 миң сом акча каражатын шантаж кылып опуза талап кылып жүргөнү аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Кылмыш жаза кодексинин 208- беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, 12-апрель күнү кылмышка шектүү Б.Н. Ош шаарындагы кафелердин биринен 100 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты