Ошто 2 жаштагы бала 17 магнит жутуп алып, операция жасалды

  • 5 месяцев мурун

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында 2 жаштагы балага шашылыш операция жасалды. Бала үч күндөн бери кусуп жаткандыгына байланыштуу райондук ооруканага жеткирилген.

Рентгендик текшерүү учурунда анын ичегилеринде тизилген бир нече белгисиз заттар аныкталып, операция жасалды. Операциянын жүрүшүндө 17 даана магнит алынды.

Учурда бейтаптын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Дарыгерлер магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу экенин эскертип, ата-энелерди коопсуз оюнчуктарды тандоого чакырышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты