Ош: жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги “Айланма Ош” автожолунун 12-17-чакырымында (“Т-түрүндөгү” кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальтбетондук төшөөнү орнотууда мыйзамдардын сакталышына жана сапатына текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду, ошондой эле асфальбетонду орнотуу боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизилгендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган. Бул иштер “Кыргызавтожол” ишканасынын №21 жол тейлөө ишканансынын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан аткарылган.

Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусунун прокуратурасы тарабынан №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголду.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты