Ош жана Манас шаарларында чет тилде жазылган  көрнөк-жарнактар алынууда

Ош шаары  жана Жалал-Абад облусунун Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча рейддер жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген көрнөк-жарнамалар алынууда.

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда өткөн текшерүүдө кытай тилинде жазылган жана мыйзамга туура келбеген жарнамалар аныкталып, айрым ишкерлерге аларды талапка ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди. Мэр ишкерлерди мыйзамдарды так сактоого чакырды.

Ал эми Манас шаарында да тил мыйзамдарын бузган, грамматикалык каталары бар жана чет тилде жазылган көрнөк-жарнамалар алынып, ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бийлик өкүлдөрү мындай иштер мамлекеттик тилдин талаптарын сактоо жана шаарлардагы тартипти камсыздоо максатында улантыларын билдирди.

Сүрөт: Скриншот

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты