Ош жана Баткен облустарында сел жүрдү

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 8-июлда, саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Баткен облусунун Баткен районунда Айгүл-Таш – Согмент-Таян унаа жолунун 3-8 чакырымын кум шагылга толтуруп, жол каттам жабылган. Ошондой эле саат 15:00тер чамасында  жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 70-71 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Баткен шаардык ӨКБдан ыкчам топ тартылган.

Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 12:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду кум шагылга толтуруп, Ынтымак айылында Откорм тилкесинде 1 турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө Раззаков шаардык мэриядан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 10 адам тартылган.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27 чакырымынын 5 жеринен сел жүрүп, №46 жол тейлөө ишканасына караган жол убактылуу жабылган.

Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сел өтүүчү сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулган (жол каттам убактылуу жабылган). Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жеке менчик 3 экскаватор, 1 самосвал тартылды.

Ош облусунун Алай районунда адын ала маалымат боюнча, саат 15:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 70-71 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Алай райондук ӨКБдан ыкчам топ жана №959 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты