Ош: Түркиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 6,6 млн сомдук дары аныкталды
- 1 год мурун
Ошто Түркиядан аткезчилик менен ташылып келе жаткан 6 млн сомдук дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери менен биргелешип бажы мыйзамдарын бузууну көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктү аныкташкан.
«Стамбул-Ош» аба каттамында келе жаткан Өзбекстандын жараны Э.А.Р.нын жүгүндө дары-дармек товары аныкталган.
«КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 6 млн 634 миң 759 сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.
Учурда материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, Ош облустук сотунун өндүрүшүндө турат.