Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында алгачкы социалдык дарыкана ачылды

  • 2 года мурун

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында алгачкы социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

«Социалдык аптека» долбоорунун негизги максаты – калкты жеткиликтүү баада сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу.

1-2-категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дары-дармектерди сатып алууда 25% арзандатуу каралган; 3-категориядагыларга — 15 пайыз жеңилдик; пенсионерлер жана Кыргыз Республикасынын башка жарандары дары-дармектерди 10 пайыз арзандатуу менен сатып ала алышат.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, калаада 2100 аз камсыз болгон жаран, 3120 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык дарыкана Сулайман-Тоо МАБында да ачылган. Алдыда калган бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда уюштуруу пландалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты