Ош шаарынын Озгур айылында жаңы көпүрө колдонууга берилди
- 2 месяца мурун
Ош шаарындагы Озгур айылында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаар мэри Жанар Акаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Көпүрө айыл тургуну Умарбек Атабеков тарабынан жеке каражатына курулуп, айылга белек катары берилди.
Маалыматка ылайык, мурда жазында Увам каналындагы суунун көбөйүшүнөн эски көпүрө кооптуу болуп келген. Шаар мэри демилгечини Ардак грамота менен сыйлап, анын салымын жогору баалады.
Муну бөлүшүү




