Ош шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алышып 29 миллион 559 миң 600 сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталды.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) ылайык кылмыш иши козголду.

Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты