Ош шаарынын мэри дүйнө чемпиону Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды

  • 1 год мурун

Ош шаарынын мэри дүйнө чемпиону Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Акжол Махмудов жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен жолугушту.

Мэр балбандын жана машыктыруучусунун өлкөнүн, анын ичинде Ош шаарынын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 77 килограммга чейинки салмакта 1-орунду ээлегени үчүн Акжол Махмудовго 250 миң сом жана машыктыруучусуна 50 миң сом тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты