Ош шаарынын 11 кичинекей тургуну президенттин белегин алды

  • 2 года мурун

Ош шаарынын 11 кичинекей тургуну президенттин белегин алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарындагы 11 бала өлкө башчы Садыр Жапаровдун атына жаңы жылдык белек сурап кат жазган. Алар смартфон, китеп, таттуу берүүсүн сураган. Президент өспүрүмдөрдүн каалоосун орундатып, белегин жөнөттү. 29-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов балдар менен жолугуп, президенттин белегин тапшырды. Калаа башчы окуучуларды жакшы окуганга үндөп, кең келечек каалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты