Ош шаарындагы кафелердин биринен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Ош шаарындагы кафелердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июнда саат 11:49да Курманжан Датка көчөсүнүн №256 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу имаратынын чатырынан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен өрт Курманжан Датка №256А дарегинде жайгашкан «Дайн» кафесинин чатырына жана 3-кабатындагы шыбына өткөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метр. Жабыркагандар жок.

Аткарылган иш чаралар: тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 12:39да чектөөгө алынып, саат 13:39да толук өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты