Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү

  • 12 месяцев мурун

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлгөн Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты.

Анын негизинде тиешелүү кызматтарга бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоо, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү тапшырылды.

Ошондой эле Жетигенов жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, автобекет КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык муниципалитеттин карамагына өттү. Имарат буга чейин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты