Ош шаарында жаштар форуму өттү

  • 2 года мурун

14-ноябрда Ош шаарында Жаштар күнүнө жана Эл аралык студенттер күнүнө байланыштуу жаштар форуму өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында эмгеги жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы менен айырмаланган жаштар чөйрөсүнүн өкүлдөрү Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Ош шаарынан велосипед менен Түркияга кетип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, кайра кайтып келген Мамыт Таштановго мэриянын ыраазычылык каты тапшырылды.

Жалпысынан иш-чарага Ош шаарынын 500гө жакын жаштар катышты.

Форумдун соңунда Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети менен Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты