Ош шаарында жалпы шаардык ишембиликте 2200 метр куб таштанды чыгарылды
- 2 года мурун
Ош шаарында өткөрүлгөн жалпы шаардык ишембиликке мекеме-ишкана, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар өздөрүнө бекитилген аймактарда санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы бак-дарактардан түшкөн күзгү жалбырактар чогултуу иштери аткарылды.
“Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын атайын техникаларынын жардамы менен 2200 метр куб таштанды чыгарылды.
Мындан сырткары, Черемушки кичи районунун Краснофлотская көчөсүндөгү №5 “А” көп кабаттуу үйүнүн алдындагы мыйзамсыз курулуштар иретке келтирилип, 6 камаз таштанды ташылып чыгарылды.