Ош шаарында жалпы ишембиликтин алкагында 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-мартта Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мекеме-уюмдардын, муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жашоочулар активдүү катышты.

Анын алкагында аймакты таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актап-сырдоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды.

Ошондой эле, билим берүү уюмдарында жалпы 1200 түп декоративдик жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты