Ош шаарында жалпы ишембиликте 2 тоннага жакын таштанды чыгарылды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында жалпы элдик ишембилик өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэриясынын жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары, шаар тургундары, билим берүү жана спорт мекемелеринин жамааттары катышты. Ишембиликте сейил бактар, скверлер жана шаар аймагындагы көчөлөр, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын тегерек-чети ирээтке келтирилип, тазаланды. Ош шаарынын мэриясынын жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап Навои сейил багына чейинки аралыктагы жашыл аймакты таштандылардан арылтты. Бул жерден жалпы 2 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты