Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду
- 1 год мурун
Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэриянын маалыматына караганда, суу берүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу токтотулган.
Суу берүү кайра качан жанданары азырынча белгисиз.
Муну бөлүшүү