Ош шаарында Төлөнов көчөсүн бойлой жолдун эки тарабына тротуар курулуп жатат

  • 2 года мурун

Ош шаарында Төлөнов көчөсүн бойлой жолдун эки тарабына тротуар курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, калаада Төлөнов көчөсүнүн Королев көчөсү менен кесилишинен Ишматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө тротуар куруу иштери кызуу жүрүүдө. Жасалып жаткан тротуардын узундугу 850 метр, туурасы 3 метрди түзөт.

Жумушка 10дон ашык атайын техника жана Ош шаардык жолдор башкармалыгынан 15 жумушчу тартылган. Тротуар жергиликтүү бюджеттин эсебинен төшөлүп жатат. Жөө адамдар басуучу жолду июнь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты