Ош шаарында прокуратура тарабынан 20 миллион сомдук жер тилкеси кайтарылды

  • 1 год мурун

Ош шаарында прокуратура тарабынан  20 миллион сомдук жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Анда Ош шаардык мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 миллион 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты