Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар бузулууда

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 24-ноябрда Ош шаарынын Алиев көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуштардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жол боюнда жайгашкан жана жолго чейин чыгып кетекен жеке турак үйлөрдүн 10го жакын мыйзамсыз тосмолору, чарбалык курулуштары сүрдүрүлүп алынды. Кызыл сызыктан сырткары чыгып кеткен, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу жумуштары шаардын бардык аймактарында улантылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты