Ош шаарында мектеп директорлорун тандоо боюнча график өзгөрдү

  • 2 года мурун

Ош шаарында мектеп директорлорун тандоо боюнча график өзгөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиги өзгөргөнүн маалымдайт. Жаңы график боюнча тестирлөө 23-августта өтөт. Ош шаары боюнча 17 ваканттык орунга 100дөн ашуун талапкердин катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, тестирлөө буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты