Ош шаарында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди
- 2 года мурун
Ош шаарында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Алайчиев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Токтосун Сабыров, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.
Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрдүн формасынын жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ага улай күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, кеңири концерттик программа тартууланды. Марс Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, мамлекеттеги стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо үчүн аскердик кызмат өтөө маанилүү экенин белгиледи.