Ош шаарында коомдук транспортко кассалык аппараттар орнотулду

  • 2 года мурун

Ош шаарында коомдук транспортко кассалык аппараттар орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуу жылынын башталышына карата Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынан муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга контролдук-кассалык аппараттар орнотулуп, анда жол кире акысын накталай жана накталай эмес түрдө төлөөгө болот. Бул системанын иши менен Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жеринде таанышып, эми муниципалдык коомдук транспортто электрондук транспорттук төлөм карталарынын балансын MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу толуктоого мүмкүн болорун, бул электрондук төлөм карталарын жайылтуу үчүн шарттарды түзө турганын айтты.

Эске салсак, транспорттук электрондук картанын үч түрү бар: студенттер үчүн, пенсионерлер үчүн жана башка жүргүнчүлөр үчүн. Жол кире акысы накталай 10 сом, карта менен 8 сом. Бул картаны Юго-Восток жана ХБК кичи райондорундагы троллейбустардын акыркы аялдамаларындагы контролдук пункттардан, автоунаа ишканасынан сатып алууга болот. Ошондой эле шаардын жогорку окуу жайларында электрондук транспорт карталарын сатуу пункттарын ачуу пландалууда. Ага улай Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы муниципалдык автобустарды жана троллейбустарды жаңы окуу жылына даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Транспорттор техникалык кароодон өткөрүлүп, ички салондорун стандартка ылайык даярдап, аудио жабдуулары оңдолду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты