Ош шаарында кампадан өрт чыкты (видео)

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-январда Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен саат 08:44дөн баштап өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, 3 куткаруучу жана 1 дрон тартылган.

«Өрт саат 09:26да чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты