Ош шаарында көпүрөнүн астындагы жана тротуарлардагы сооданы жоюу боюнча рейд жүргүзүлдү

  • 2 года мурун

Ош шаарында Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн астындагы жана тротуарлардагы чачкынды сооданы жоюу боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Жасур Азимов жетектеген Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, “Манас-Ата”, Курманжан-Датка” МАБдарынын, шаардык жолдор башкармалыгынын, экология жана көзөмөлдөө кызматтарынын жетекчилеринен жана өкүлдөрүнөн турган комиссия тротуарларда, А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн астында башаламан соодага бөгөт коюу максатында рейдге чыгышты.

Рейддин жүрүшүндө базардагы жана ага жакын жолдордогу абалга өзгөчө көңүл бурулуп, чачкынды сооданы жоюу боюнча соодагерлерге тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өрткө каршы атайын техникалардын борбордук базарга жетүүсүнө тоскоолдуктар жаралбашы керектиги эскертилди. Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга бул аймактарда башаламан сооданын пайда болушуна жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү тапшырмалары берилди.Көпүрөнүн астындагы аймакка жакын жайгашкан жерлерге бетон блоктору коюлду. “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери чачкынды соода түйүндөрүн демонтаждоодон кийин көпүрөнүн астындагы таштандыларды чыгарышты. Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты