Ош шаарында үйлөргө жылуулук норманын негизинде берилет
- 2 года мурун
Ош шаарында үйлөргө жылуулук норманын негизинде берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда абанын температурасынын төмөндөшүнө жана жаан-чачындын көп болушуна байланыштуу бул маселе абдан актуалдуу болуп турат.
Норма боюнча абанын орточо суткалык температурасы 5 күн бою +8 градустан ашпаса, анда керектөөчүлөргө жылуулук берилет. Синоптиктердин айтымында, учурда абанын температурасы күндүз +15, түнкүсүн +7.
Ал эми жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын баары алдыдагы кышкы жылытуу мезгилине толук даяр.
Муну бөлүшүү