Ош шаарында Июнь окуясында курман болгондор эскерилип, митинг-реквием өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-июнь күнү Ош шаарында 2010-жылы өткөн каргашалуу июнь окуясы эскерилип, митинг-реквием өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев жана июнь окуясында курман болгондордун жакындары катышты. Митингде Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөп, катышуучулар «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл коюшту. Андан соң каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты