Ош шаарында “Футбол шоу” аттуу майрамдык иш-чара өттү
- 2 года мурун
Ош шаарында “Футбол шоу” аттуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, эки республиканын маданият ишмерлери, искусство ишмерлери жана куудулдар катышты.Концерттик программанын алкагында маданият өкүлдөрү футбол боюнча достук мелдешин өткөрүп, майрамдык концерттик программа да тартууланды. Иш-чара эки боордош элдин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган. Мындай иш-чара Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат жана аны салтка айландыруу пландалууда.
Муну бөлүшүү